7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев чек арадагы эвакуацияланган жарандар менен жолукту

608

Бүгүн, 18-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган комиссия Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жапа чегип, үй-жайын таштап качууга мажбур болгон Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын бул күндөрү кандай көйгөйлөргө кабылгандыгы жана алардын коопсуздугу талкууланды.

Өз кезегинде, УКМКнын башчысы чогулгандарга кайрылып, чек ара жана ага байланыштуу бардык маселелер мамлекет башчынын өзгөчө көзөмөлүндө экенин, аларды чечүү үчүн коңшу мамлекет менен зарыл сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Ал ошондой эле чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин жана чек ара аймагынын тургундарынын кызыкчылыктарын сактоо менен, өз ара алгылыктуу шарттарда гана тынчтык жолу менен чечиле тургандыгы баса белгиледи.

Ташиев жарандарга чек арадагы кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу, ошондой эле жай тургундардын кадимки жашоого кайтып келүүсүнө шарт түзүү үчүн комиссия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609