7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Соцтармакта Кыргызстандын жарандарынын атынан фейк аккаунттардын топтору түзүлүүдө

671

Соцтармакта фейк аккаунттар чек ара боюнча жалган маалыматтарды таратууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК акыркы күндөрү Кыргызстанга каршы маалымат согушунда кызыкдар тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилени курчутуп, кандайдыр бир жол менен фактыларды тескери бурмалап, Кыргыз Республикасын терс өңүттө көрсөтүүгө аракет кылууда, КРнын жарандарынын жеке маалыматтарды пайдаланып, чек арадагы чыр-чатакты көрсөткөн жалган фейк маалыматтарды таратып жатканын билдирет.

Ошол эле учурда, социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын жарандарынын атынан фейк аккаунттардын топтору түзүлүүдө. Алардын арасында, “Саатбек Эгамбердиевдин” атынан жазылган аккаунт өзүнө эч кандай тиешеси жок экендигин айтат, (видео тиркелген).

УКМК социалдык тармактардын колдонуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн мындай жалганчылыкка, чагымчылдыкка алдырбоого жана өздөрүнүн жеке маалыматтарын кызыкдар күчтөрдүн Кыргыз Республикасынын жана анын жарандарынын кызыкчылыгына каршы пайдалануусуна жол бербөөгө чакырат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

672