7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев дүйнө кубогунан коло медаль алган боксчуга унаа белек кылды

284

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада өткөн бокс боюнча дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулуна Hyundai Grandeur автоунаасын белек кылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.

Ташиев спортчуларга мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгилеген. Генерал-полковник спортчуну ийгилиги менен куттуктап, автоунаа белек кылды. Ошондой эле төрага ага дүйнөгө аты чыккан, өлкө желегин желбиреткен боксчу болуусун каалады.

Ал эми спортчу Нурадин Рустамбек уулу Ташиевге көрсөткөн колдоосу жана белеги үчүн ыраазычылык билдирген.

Белгилей кетсек, Нурадин Рустамбек уулу дүйнө кубогунда 75 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалда англиялык спортчуну жеңген. 5-июлда финалга чыгуу үчүн болгариялык спортчу менен беттешкен. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен болгариялык спортчу жеңүүчү деп табылган. Натыйжада Рустамбек уулу 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон.

285