Кечээ, 26-май күнү футбол боюнча улуттук курама командасынын окуу-машыгуу жыйыны башталган. Бул жыйын 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун июндагы беттештерге болгон даярдыктын алкагында өтүүдө.
Башкы машыктыруучу Максим Лисицындын жетекчилиги алдындагы курам менен болгон эң алкачкы машыгуусу «Мурас Юнайтед» окуу-машыгуу базасында орун алып, ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев баш багып, оюнчуларга ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстандын Улуттук курама командасы 5-июнда Түндүк Корея менен (конокто), ошондой эле 10-июнда өз оюн талаасында БАЭ курамасы менен беттешет.
Жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында, Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын баштап, 30-майдан тарта даярдыгын Сауд Арабияда улантат. Эске салсак, Түндүк Кореяга каршы беттеш Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөт.