7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Көлбаевдин жок кылынышы боюнча үн катты

918

Бүгүн, 5-октябрда капиталдык оңдоодон кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.

Жаңы имарат УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан салтанаттуу ачылды. Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери катышты. Жаңы имарат кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.

Ташиев кызматкерлерди куттуктап, атайын кызматтын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрүнө жетиштүү шарт түзүү аракети уланаарын белгиледи. Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти. Аны менен катар Ташиев уюшкан кылмыштуу топтон ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи.

Буга 4-октябрда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал келтирди.

Ошондой эле төрага сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырманы жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

919