7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев муктаж үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды (ФОТО)

311

Бүгүн 4-мартта УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев муктаж болгон үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Буга чейин, 2025-жылдын 17-февралында 1990-жылы туулган Махратбек кызы Канышай аттуу жаран УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ал бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенин, тагыраагы көзүнүн көрүүсү начар экенин, ажырашып кеткенин, үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын, ошондой эле улуу кызы да бала кезинен майып экенин, Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдардын мектеп- интернатында окуп жатканын билдирген. Учурда балдары менен убактылуу батирде жашап жатат.

Канышай Махратбек кызынын туруктуу жумушу жок, бирок кайрымдуу жарандар тарабынан үй-бүлөсүн багууга, дарыланууга көмөктөшүү максатында кайрымдуулук уюмдарына кайрылып келишкен.

Буга чейин, алар турак жай маселесине байланыштуу да жардам сурап кайрылышкан, бирок натыйжа болгон эмес. УКМК төрагасы Махратбек кызынын муктаж үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.

Өз кезегинде ал Камчыбек Ташиевге турак-жай менен камсыз кылууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

312