7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев олимпиадалык кураманын машыгуусуна катышты

356

Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын (U-23) калыбына келтирүүчү машыгуусуна катышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.

КФБ Президентинин командага болгон сапары Сауд Арабиясында өтүп жаткан U-23 Азия Кубогундагы катышуусунун алкагында уюштурулуп, биринчи оюндан кийинки даярдык процессинде кураманы колдоо жана Вьетнам курамасына каршы экинчи беттештин алдында дем берүү максатын көздөдү.

Машыгуу КФБнын жетекчилигинин, ошондой эле Улуттук курама команданын жаңы башкы машыктыруучусу — Роберт Просинечкинин катышуусунда өттү.

Сапардын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев команданын даярдык процесси менен таанышып, машыктыруучулар штабы жана футболчулар менен иш жүзүндөгү жолугушуу өткөрдү. Ал эл аралык аренада өлкөнүн намысын коргоодо жогорку жоопкерчилик жана максималдуу топтолуу маанилүү экенин белгиледи.

КФБ жетекчилиги олимпиадалык курама команданы ар тараптуу колдоону улантып, Азия Кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтүүсү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдө.

357