7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: Парламентти тазалоо уланууда

418

Жогорку Кеңешке таза депутаттар шайланып барышына биринчи кезекте эл өзү кызыктар болушу керек. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев 17-апрелде Жалал-Абадда чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшыруу иш-чарасында билдирди.

«Мына ушул жерде прокуратуранын, УКМКнын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери турасыздар. Бул маселеге жакшылап көңүл бургула. Биз мурдагыдай көз жаздымда калтырып, коррупционер, мамлекетти жеген адам болсо деле, зыянкеч экенин билип туруп, акчасына кызыгып аларды мамлекеттик чоң кызматка алып келгенде токтотушубуз керек… Анын жооп берүүсүн камсыз кылуу — биздин милдет. Парламентти тазалоону көрүп жатасыңар. Ал жерде да туура эмес адамдар шайланып келген. Аларды тазалоо уланууда. Парламентке эл үчүн кызмат кылам дегендер гана келиши керек», — деди Ташиев.

Видео: Регион

419