Кыргызстандын Ички иштер министрлиги суу ташкынынан жабыркаган казакстандык кесиптештерине 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Гумжардамдын ичинде:
- дары-дармектер
- желим өтүктөр
- дизелдик жана электр генераторлор
- үйлөмө кайыктар
- чатырлар
- матрацтар
- тамак-аш
- жууркандар, жаздыктар жана шейшептер бар.
«Казакстан менен кызматташтыгыбыз узак тарыхка ээ жана мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам табигый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», – деп министрликтен белгилешти.