7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Талас облусунун аксакалдары менен жолугушту (ФОТО)

891

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Талас облусунун аксакалдары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аксакалдары менен жолугушту.

Бул жолугушуунун катышуучулары азыркы өкмөттүн жана жеке Ташиевдин ишмердүүлүгүнө карата жакшы пикирлерин айтышып, ошол эле учурда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын толук колдой тургандыктарын белгилешти.

Өз кезегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев, Өзбекстан менен Кыргыз мамлекеттик чек араны 100% чечүү маселелерине, аскердик-техникалык потенциалды жогорулатуу жана экономикалык өсүш жана башка өлкөдөгү болуп жаткан процесстердин негизги аспектилерине токтолду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

892