7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Өзбек футбол ассоциациясынын жетекчилерин куттуктады

242

9-июнда Ташкент шаарынын «Жар» стадионунда орун алган Кыргызстан жана Өзбекстан U-23 жаштар курамаларынын жолдоштук беттешине Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев баштаган КФБ жетекчилеринин делегациясы күбө болду.

Беттеш алкагында КФБ өкүлдөрү Өзбекстан футбол ассоциациясынын жетекчилери – президент Баходир Курбанов жана Биринчи вице-президент Равшан Ирматов менен жолугушту.

Камчыбек Ташиев, коңшулаш өлкөнүн футбол ассоциациясынын өкүлдөрүн Өзбекстан курама командасынын өз тарыхында алгачкы ирет Дүйнө Чемпионатына чыгышы менен куттуктады.

«Өзбекстандын Улуттук курама командасынын футболчулары өздөрүнүн мыкты жана чебер оюндары менен Борбордук Азия аймагынын бардык өлкөлөрүнө үлгү көрсөтүп, ошол эле учурда кыялдардын ишке аша тургандыгын далилдешти. Келе жаткан Дүйнө чемпионатында Өзбекстан курамасы үчүн чын жүрөктөн жан үрөп турабыз», — деп белгиледи КФБ жетекчиси.

Өзбек футбол ассоциациясынын жетекчилери куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосунда достук жана биримдик өркүндөп, уюмдар ортосундагы өз ара колдоо дайыма бекем болушун тилек кылышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен кызматташтык маселелерин да талкуулашты.

Белгилей кетсек, 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынынын үчүнчү тандоо раундунун 9-турунун жыйынтыгында Өзбекстандын курама командасы дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

243