7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: «Жаңжалды токтотууга жасалган аракетибиз көз өткөндөн кийин бааланат деп ойлогом»

514

«Жаңжалды токтотууга жасалган аракетибиз көз өткөндөн кийин бааланат деп ойлогом». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

«Сыйлыкты алуу бир жагынан күтүүсүз болду, экинчи жагынан алганда, бул күтүлгөн эле окуя болчу. Себеби бул сыйлык 12 жылда болуп өткөн окуялардын негизинде берилгенин президент да айтып өттү. Ошол маалда жасалган эмгек, ошондогу жүз миңдеген адамдардын күбө болушу ал окуялардын жөндөн жөн эле унутулуп калышы мүмкүн эмес эле… Эки элдин ортосундагы жаңжалды токтотууга жасалган аракеттерибиздин кайсы бир учурда бааланышын билгем. Бирок бул баалануу көз өткөндөн кийин болсо керек деп ойлогом», — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «КРнын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

515