7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиевдин колунан дагы бир жаран паспорт алды

687

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Никита Александрович Гончаровго КР идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

12-июлда “Facebook” социалдык тармагында жаран Никита Гончаровдун УКМК төрагасынын атына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуусу жарыяланган.

Үй-бүлөлүк оор шарттарга ылайык, Гончаровдун жети жашында апасы ооруп каза болуп калган. Кийинки жылдары атасынын колунда чоңоюп, зарыл болгон алгачкы документтеринин жоктугунан Кыргызстандын жаранынын паспортун ала алган эмес. Ал 3 жыл бою конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн ар кайсы ведомстволорго кайрылып жүргөн.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан өздүгүн аныктоо жана архивдик материалдарды чогултуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Бүгүн, 26-июлда Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Никита Гончаровго КРнын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688