Бир тууган Арык, Белек уруулары жер, жайыт, ашуу маселесинин айынан кылыч кайрап, кыл тиштеп ЧАБЫШКАНЫ калганда, Белек уруусунун билермандары мындай түйүндүн далайын чечкен Сарт акеге келишет. Датты уккандан кийин чабарман чаптырып, (Айдарбек Сарманбетовдун айтуусунда) Тилекматты, Токсоба Төрөнү, Солтонкул байды ж.б. жакшыларды ээрчитип, ал-жайын, акыбалын сурап келели дешип, жашы жүздөн ашып калган Карга акенин өргөөсүнө түшөт.
КАМЧЫНЫ бүктөй кармап кирген Сарт акени ээрчип келгендер КАМЧЫЛАРЫН ээрдин кашына илишет. Өргөөгө баш баккан Сарт аке КАМЧЫСЫН КЕРЕГЕ учка илип, кырааты менен салам айтып, келгендер тегеректей орун алышат. Ал-жай, мал-жан, акыбал суралып, эт тартылат, эмне үчүн келишкени туралуу эч кимиси үндөбөйт. Кайтаарында Сарт аке: «Элибизде эң эле улуу аксакалыбыз сизсиз, бизге БАТА бериңиз» дейт.
– баары тең КАМЧЫЛАРЫН ээрдин кашына илгени, бир ТИЛЕК экенин;
– Сартбайдын салам айтып, КАМЧЫСЫН керегеге илгени бир БИЛЕК экенин, КӨӨДӨНДӨ СӨЗҮ, КӨКҮРӨГҮНДӨ КӨЗҮ бар, таамай сезген Карыя:
«Ие, балдарым, алдагы көк желкедеги башыңар менен элди ойлогула!
Көк ирим көйкөлгөн жерди ойлогула!
Бир туугандар, араңардан жел өтпөсүн,
Ырксыз эл деп, кыйды, каска сөз жетпесин!
Бир атанын балдары, биригип жүргүлө,
Ыдырашпай, ынтымак жеңерин билгиле!» – деп, кылым аралап кеткен БАТАСЫН берген экен.
Батанын баркын, Атанын наркын билген эл араздашпай тынчышат. Билермандары Акылмандан акыл сурап уюп, кичүүлөрү улуусун угуп, ушу учурга келип жеттик. Ушундай Нарк жөрөлгөсү аябай бизге керек…