7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараты ачылды

284

Бүгүн, 28-ноябрда УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Бул иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, атайын кызматтын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

УКМКнын жаңы имараты Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрү үчүн курулуп, анда аскер кызматкерлеринин жемиштүү иштеши үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн жана керектүү жабдуулар орнотулган.

Ташиев атайын кызматтын кызматкерлерин куттуктап, өлкө жетекчилиги тарабынан мындан ары дагы материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракети көрүлөрүн белгиледи.

Аны менен катар улуттук коопсуздук органдары мындан ары да өлкө кызыкчылыгы үчүн жан дили менен жана мекенди сүйүү менен кызмат кылып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички саясий курсун сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын кошумчалады.

Ошондой эле УКМК жетекчилиги тарабынан коопсуздук кызматкерлерине, мекенге кызмат кылууда өз ишине так болуп, коопсуздукту камсыз кылууда болгон күч аракетин жумшоо талабы коюлду.

 

 

285