7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм жарыкка келди

298

Кечээ, 13-январь күнү Бишкек шаарында 3 эм жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январда Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну борборго кош бойлуулуктун 35-жумасында түшкөн. Ошол эле күнү кош бойлуу келин преэклампсия оорусуна байланыштуу наристелерди табигый жол менен төрөгөн. Бул анын экинчи кош бойлуулугу.

Учурда балдардын апасы жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу. Операция техникалык кыйынчылыктарсыз өттү. Ал эми ымыркайлардын абалы орточо оор, туруктуу.

Белгилей кетсек, үч эмдин экөө кыз, ал эми бирөө эркек. Ымыркайлар 2 килограмм 150 грамм, 2 килограмм 250 грамм жана 1 килограмм 850 грамм салмакта төрөлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

299