Эртең, 15-декабрда өлкөнүн кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүзү +2…+4;
- Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүзү 0…+5;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүзү +2…+7;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүзү -1…4;
- Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүзү -5…-10;
- Бишкекте түнкүсүн -1 … -3 күндүзү +2 … +4.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.