7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына барды

725

Дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына келди. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-декабрда UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош облустук ички иштер башкармалыгына барды. Мушкерди Ош ОИИБдин саптык аянтчасында туу көтөрүү менен өздүк курам салтанаттуу тосуп алды.

Аталган аземдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Гимни аткарылып, андан соң Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов сөз сүйлөп, белектерди тапшырды.

Өз сөзүндө Валентина Шевченко милиция кызматкерлери менен жолукканына кубанып, аларга ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле спортчуга арналган салтанатуу азем саптык жүрүш менен аяктады.

Андан соң башкармалыктын спорт залында дүйнө чемпиону өздүк курамга масстер-класс көрсөтүп өттү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726