7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балтада кишини өлтүрүп, дене мүчөлөрүн бөлүп ыргытып жиберген шектүү кармалды

633

Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-февралда саат 19:55те Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүнүн түндүк тарабындагы темир жолдогу гараждардын артында белгисиз адамдын бөлүнгөн денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган факты Жайыл РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге барган учурда, белгисиз адамдын денесинин бөлүктөрү табылып, буюм далилдери (кийимдери) алынган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде маркумдун өздүгү такталып, ал Жайыл районунун тургуну 1977-жылы туулган Д.Э. болуп аныкталган. Мындан тышкары бул кылмышка шектүүнүн өздүгү да такталып, ал мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Жайыл районунун тургуну 1989-жылы туулган жаран экендиги аныкталып, кармалды. Ал райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Кылмыш ишинин алкагында иш-чараларынын жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталган:

2-январда 1977-жылы туулган Д.Э. жана 1989-жылы туулган С.А. аттуу жарандар чогуу спирт ичимдиктерин ичишип, ортодо чыр чыгып, ал мушташка айланып кеткен. Жаран Д.Э. денесинен жаракат алып, каза болуп калган. Ал эми 4-январда шектүү каза болгон жарандын жансыз денесин бөлүктөргө бөлүп, Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүнүн түндүк тарабындагы темир жол тараптагы гараждардын артына ыргытып жиберген.

Тергөө иштери улантылууда.

 

 

634