Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектелип бири-бирине тууган, мурда соттолгон үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ билдирди.
Окуя 22-мартта түнкү саат 01:00 чамасында болгон. Ал күнү бары бир үйдө чогулушкан. Үчөө Г. Э. менен уруша кетип, А.К. аны табарсык жагына бүктөлмө бычак менен бир нече жолу сайып, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.
Г. Э. аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылып, бирок өзүнө келбей каза болуп калган. Бул Факт “Саламаттыкка оор зыян келтирүү” беренеси менен катталган.
“Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен айып тагылып, райондук сот тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды”, — деп берилет маалыматта.
Кылмыш иши боюнча зарыл болгон бардык соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын сөзү: «Ардактуу агартуучулар! Кымбаттуу окуучулар жана студенттер! Урматтуу
Түркиянын Стамбул шаарындагы Рами китепканасы 2026-жылдагы «Жашыл китепкана» эл аралык сыйлыгынын «Ири масштабдагы долбоор» номинациясында биринчи орунду ээледи. Сыйлык Эл
Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Ли Чжэ Мёнун чакыруусу менен 15-сентябрдан 18-сентябрга чейин Корея Республикасына расмий сапар менен барат. Сапардын
Бишкекте кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 18-жыйыны өттү. Жыйында Кыргызстандын бул багыттагы улуттук
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, кесиптик ишмердигинде олуттуу натыйжаларга жетишкен, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө салым кошкон жарандарга, ошондой
15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга турист катары 30 күнгө чейин визасыз бара алышат. КР Тышкы иштер министрлиги өлкөгө кирүүнүн тартибин