7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Кулжада стадиондун жерин менчиктеп алган айыл өкмөттүн иши иликтенүүдө

221

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2009-жылы кабыл алынган мыйзамсыз токтому менен Т.Абакир уулу атындагы стадионго тиешелүү жеринин 816 чарчы метр жер аянты О.Т. аттуу жаранга берилип кеткенин райондук прокуратура аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Тергөө маалында белгилүү болгондой, жогорудагы социалдык багыттагы жер тилкенин базар баасы 2 млн. 750 миң сомду түзөт.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, тергөө амалдарын уюштуруу үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылган.


Мындан сырткары, айыл өкмөттүн жерди ажыратып берүү жөнүндөгү мыйзамсыз токтомун, анын негизиндеги мамлекеттик актыны жана соода-сатык келишимин жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыздар келтирилип, учурда соттук кароолордо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

222