7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Ойго эл аралык деңгээлдеги олимпиадалык спорт комплекси курулат

301

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда көчмө жыйын өттү. Анда көп тармактуу спорт комплекстин курулушу жана өнүктүрүү пландары талкууланды.

Бул долбоорду курууга былтыр 17,72 гектар жер тилкеси каралса, быйыл аны кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө бул маселе боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жаңы спорт комплекс өлкөдө алгач ирет эл аралык жана заманбап талаптарга жооп берген олимпиадалык борбор болот. Жыйын учурунда аймакты кеңейтүүдөн сырткары, ошол жерде 10 миң кишилик стадион куруу жана жөө күлүктөр үчүн өзүнчө чуркоо жолдорун куруу сунуштары каралды.

Долбоор спорттун негизги олимпиадалык жана популярдуу түрлөрүн камтыйт. Ошондой эле комплекс аймагында шаарча, медициналык зона, эс алуу аянты, жайкы лагерь, парктар жана кафе да курулат. Бул спорттук борбор улуттук курама командалардын даярдыгын жакшыртып, Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги турнирлерди өткөрүүгө шарт түзөт.

Олимпиадалык спорт комплекстин курулушу мамлекеттик бюджеттин колдоосу менен ишке ашып, ал ушул жылы башталат.

302