Бүгүн, Ош облусунун Кара-Суу районунда такталган маалымат боюнча саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Бишкек-Ош унаа жолунун 644-чакырымында (Кайрагач айылы) Кайрагач сел өтүүчү сайдан суу ашып унаа жолдун жээгин каптап жана эгин талааларга коркунуч жараткан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жерине ӨКМнин Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу, №956 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып саат 19:40та тазаланып, суу каптоо коркунучу жоюлган.