7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда көмүр жүктөп бараткан жүк ташуучу унааны көтөрө албаган көпүрө түшүп кетти

1674

Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында көмүр ташып бараткан жүк ташуучу унааны көтөрө албаган көпүрөө, унаа менен бирге түшүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү социалдык тармактан кабарлады.

Окуя бүгүн, түшкө маал катталган. Өзгөчө кырдаалдар министригинин маалымат кызматы билдирген маалыматка ылайык, унаанын ичинде 2 жаран болгон. Бактыга жараша экөө тең аман калган.

Аталган көпүрө Ош-Папан-Кожокелен унаа жолунун 24-чакырымында жайгашкан, Папан менен Ошту байланыштырып турган. Учурда унаалар айланма жол аркылуу каттап жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1675