7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда сот аткаруучу опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

651

Кара-Суу районунда сот аткаруучу опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Кара-Суу районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2023-жылдын 23-декабрынан тартып “С.” аттуу Кара-Суу районунун сот аткаруучусу КРнын чек арасынан өтүү үчүн чектөөнү алып берем деп опузалап, пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Кара-Суу райондук САКБнүн сот аткаруучусу, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси 1980-жылы туулган С.С. аттуу жаран 20 миң сом атайын белги коюлган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

652