7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

201
Бүгүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдагандай, азыркы тапта аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү жолдун 76-81-82-чакырымдар аралыгына 6 жерден түшкөн. Кошумча маалымат берилет.
Учурда Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
202