7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Австралия өспүрүмдөргө социалдык тармактарды колдонууга тыюу салды.

252

Австралияда 16 жашка толо элек өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонушуна тыюу күчүнө кирди. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды.

Бүгүндөн тарта Австралиянын интернет коопсуздугу жөнүндөгү мыйзамына киргизилген түзөтүүлөр күчүнө кирет. Ага ылайык, 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салынды. Австралия бул тыюуну мыйзам менен киргизген дүйнөдөгү биринчи өлкө болот.

Маалым болгондой, тыюу салынган тизмеге өлкөдө кеңири колдонулган 10 платформа кирди. Мыйзам социалдык тармак компанияларынан бир жыл ичинде атайын көзөмөл механизмин киргизүүнү талап кылат. Болбосо компаниялар 49,5 млн австралия долларына чейин айыпка жыгылат.


253