7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каракол капчыгайындагы суудан 22 жаштагы кытай жаранынын сөөгү табылды

768

Бир жумадан бери издөөгө алынган 22 жаштагы кытай жаранынын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2000-жылы туулган кытай жараны Сай Тун Бишкек шардык гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти болгон.

Анын жоголгондугу тууралуу алгач маалымат ИИМге 1-августта түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган. Ушул эле күнү ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына Укук коргоо органдары тарабынан издөө ишине көмөктөшүү тууралуу кат түрүндө кайрылуу түшкөн.

Кайрылуунун негизинде аталган кытай жаранын издөө иши ӨКМдин куткаруучулары жана милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргөн.

25-августа Каракол шаардык ӨКБнө жарандан Каракол капчыгайында суунун ичинде жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине саат 16:05те Каракол шаардык №15 ӨККБдан 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер тартылып, суудан кытай жаранын сөөгү куткаруучулар тарабынан чыгарылып, саат 18:16да РИИБге өткөрүлүп берилген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

769