7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү (ФОТО)

1002

Бүгүн, 26-август күнү, УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Имараттын ачылышына Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ачылуу иш-ачарасында атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын жетекчилиги, өздүк курамы жана УКМК ардагерлери, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков да болду.

Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлүп, машыгуучу зал жана башка тийиштуу кызматтык жабдыктар менен толугу менен камсыздалган. Камчыбек Ташиев жаңы имаратты көрүп чыгып, улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруу багытындагы талаптарды эскертип өттү.

Эскерте кетсек, атайын кызматтын Базар-Коргон райондук бөлүмү буга чейин райондук соттун имаратынын бир бөлүгүндө иштеп келген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1003