7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри кармалды

401

Муниципалдык жер тилкени арзан баада саткан Каракол шаарынын биринчи вице-мэри кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

2021-2022-жылдары Кашка-Суу кичи районунан көп кабаттуу социалдык үй жана студенттик жатакана куруу үчүн Каракол шаардык мэриясы тарабынан 8312,9 чарчы метр жер тилке бөлүнүп, аукционго коюлган.

Өлкө жетекчилигинин муктаж болгондорду арзан турак жай менен камсыз кылуу боюнча талаптарын аткаруу үчүн мурда аукционго коюлган 8312,9 чарчы метр жер участокко көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн МИК ААКсына берүү пландаштырылган.

Каракол шаарынын мэриясынын жер комиссиясынын башында турган Караколдун биринчи вице-мэри А.Э.А., жер тилкени МИК ААКга өткөрүп берүү пландаштырылып жаткандыгын билип туруп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, аталган кыймылсыз мүлктү А.Н.К. аттуу жаранга жеке менчикке берүү үчүн аукцион өткөргөн.

Каракол шаарынын мэриясынын Жер комиссиясы аталган жаранга Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин берүү жөнүндө чечим чыгарат. Жер тилкесинин наркы аукциондо сунушталган суммадан алда канча жогору.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча биринчи вице-мэр кармалып, Каракол ШИИБдин УКЖсына киргизилди.

 

402