7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо аялынын өлүмүнө шектелип жарандык никедеги күйөөсү кармалды

789

Каракол шаарында аял кишини өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине анын кошуналары кайрылып, Б.Ч.нын жансыз денесин табышканын кабарлашкан. Алар маркумдун денесинен көгөргөн тактарды байкашкан.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барганда уктоочу бөлмөдөн 42 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Б.Ч.нын жансыз денеси табылган.

«Факты КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Аялдын өлүмүнө шектелип, анын жарандык никедеги күйөөсү 34 жаштагы А.А. кармалды. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

790