Ош – Баткен – Исфана унаа жолунда оор жүк ташуучу «Камаз» жана «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter унаасындагы 2 эркек киши жабыркап, учурда алардын аты-жөнү такталууда.
Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматы Ноокат райондук ооруканага алып кеткен.