Бүгүн 27-октябрь Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.
Экономика министри Даниярь Амангельдиев өз баяндамасында бул долбоор салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга айкалыштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатын көздөөрүн айтты.
Ошондой эле Кыргызстандын экономикалык деңгээлин жогорулатуу боюнча салыктык түшүүлөр 12% азайып, көмүскөдө бюджеттин наркы жогорку денгээлге 40% жеткени айтылды.
Мамлекет көмүскөдөгү мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан иштерди жоюу үчүн, чектөө салык жоболорду электрондоштуруу, электрондук патент, мобилдик капчыктар менен иштөө, санариптик карталарды түзүү, импорт товарларды маркалоо, кассалык машина аркылуу ишке ашыруу жана фискалдаштыруу саясатын санариптештирүүгө багыт алган.
Депутат Дастан Бекешев билим берүү тармагы боюнча салыктар кандай чечилерине кызыкды.
Экономика министри Данияр Амангельдиев, мектепке чейинки жана билим берүү системалары салыктык режимден бошотулганын билдирди.
Талкуунун соңунда, аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.