Буга чейин Ташрабат соода борборунда эркек киши аялына кол көтөрүп, зордук-зомбулукка алганы тууралуу видео социалдык тармактарда тарап, коомчулуктун кыжырын кайнаткан. Видеодо бир топ жаран жаш жубайларды арачалап, алардын бири күйөөсү менен кармашканга чейин жеткенин көрүүгө болот.
Бүгүн, 27-октябрь аялына зомбулук көрсөткөн күйөө Октябрь РИИБи тарабынан кармалды. Анын 2002-жылы туулган Ж.А. аттуу жубайы милиция кызматкерлерине арыз жазып, алган жаракатына медициналык экспертизалар дайындалган.
«Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми келиндин күйөөсүнүн аты-жөнү аныкталып, ал 1994-жылы туулган Т.А. аттуу жаран экендиги белгилүү болгон. Учурда ал тергөө бөлүмүнө алып келинди. Экспертизанын чыккан жыйынтыгы боюнча бул окуяга юридикалык баа берилмекчи», — деп жазылат Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын берген маалыматында.
Посмотреть эту публикацию в Instagram