7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо бир нече жолу соттолгон уурулукка шектүү жаран кармалды

553

Караколдо уурулук менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир ай мурда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун (аял киши) мүлкүн уурдоо фактысы боюнча кайрылган. Жабырлануучу аял Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базарынан уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча кылмыш иши козголуп, натыйжасында шектүү жаран аныкталды.

Кармалган жаран 1982-жылы туулган С.Т. Тоң районунун тургуну, чөнтөк уурулук менен алектенет. Аталган жаран мурда уурулук боюнча бир нече жолу соттолгон.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

554