7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат

455

Караколдо Михаил Васильевич Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров «Каракол шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жогорку билими бар жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

Каракол шаарында М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы түзүлсүн.
Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иши Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын  мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;

2) Москва мамлекеттик университетинин филиалына абитуриенттерди кабыл алуу М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт;

3) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо

М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан белгиленген талаптарга, эрежелерге жана мөөнөттөргө ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрсүн;

2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

1)  Москва мамлекеттик университетинин филиалына кадрларга болгон муктаждыкты жана республиканын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келечегин эске алуу менен, мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен жыл сайын 60 орун бөлүүнү карасын;

2)  Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иши үчүн укуктук негиз түзүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

2024–2025-окуу жылынан баштап Москва мамлекеттик университетинин филиалын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылсын.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

456