7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо жаранды сабап, акчасын жана телефонун тартып алган шектүүлөр кармалды

588

Караколдо тоноочулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрь күнү милицияга Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын Т.Э. тургуну арыз менен кайрылган. Анын арызында жашы болжол менен 18-20 жаштагы эки бала эч себепсиз эле сабап, “Самсунг” уюлдук телефонун жана 16 000 сом акча каражатын тоноп кетишкен.
Өзүн жаман сезген жабырлануучуну милиция кызматкерлери ооруканага жеткизишкен.

Аталган факт боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 206-беренисинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 19 жаштагы Каракол шаарынын тургуну С.Б. жана Ак-Суу районунун Тепке айылынын тургуну У.А. кармалып, алардан кылмышка тиешелүү далил заттар алынган.

Шектүүлөр күнөөлөрүн толук моюндарына алышып, 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

589