7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдун борбору мастардын жайына айланды

3079

Каракол шаарынын борборунда жайгашкан  «Тагай бий» атындагы сейил багында ичимдик ичип отурган жана мас абалында уктап жаткан жарандарды жолуктурууга болот. Мындай көрүнүш шаардыктардын нааразычылыгын жаратып жатканын Turmush басылмасы жазып чыкты.

Шаар тургуну Айгерим Абдрахманова төмөнкүлөргө токтолду.
«Бул эс алуу багынан мас абалда жаткандарды күндө көрүүгө болот. Жанынан өткөндөн коркосуң. Топтолуп алып, алкоголь ичимдиктерин ичип отурушкан болот же мас абалында уктап жатышкан болот. Аталган сейил бак шаардын так ортосунда жайгашкан. Элдин каттамы көп. Күч органдары, мэрия, «Тазалык» муниципалдык ишканасы көзөмөлдөп койсо жакшы болмок», — деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3080