7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Карганбек Самаковго чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыгарылды

367

Жогорку Соттун 3-февралдагы токтому менен буга чейин Карганбек Самаковго чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөнү айтылат.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыптуу деп тапкан. Мунун негизинде экс-депутатты 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

368