7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каргашалуу кырсык: Оор абалда жаткан бала да каза болду

353

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы жол кырсыгына кабылып, ооруканада оор абалда жаткан бала каза болду. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Жибек Жайлымышова «Азаттыкка» билдирди.

17-июлдагы жол кырсыгына кабылган «Тойота Авенсис» унаасында бараткан алты киши каза болду.

Бул жол кырсыгында Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси (68 жашта) жана алардын тогуз жаштагы небереси (эгиздин түгөйү) ошол жерде каза тапкан.

Үч бала оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол түнү 9 жаштагы эгиздин түгөйү, эртеси күнү 14 жаштагы өспүрүм каза болгон.

Милиция кырсык «Тойота» автоунаасы кайрылып жатканда «Мерседес-Бенц-210» машинеси сүзүп кеткенин, аны 20 жаштагы айдоочу башкарып баратканын билдирген.

«Мерседестеги» эки киши жараат алып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган.

354