Бүгүн Ош шаарында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү, экс-депутат Аида Касымалиеванын ата-энесинин жана алардын неберелеринин тажиясы өтүп жатат.
Алар 17-июлда Ысык-Көлдө жол кырсыгынан көз жумду. Унаада неберелери дагы болгон. 9 жаштагы эгиздер, 14 жаштагы өспүрүм жол кырсыгынан каза болуп, дагы бир небереси реанимацияда, дагы бири палатага которулган.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ош шаары менен Ош облусунун бийлик өкүлдөрү, парламенттин экс-спикери Асылбек Жээнбеков, коомдук ишмерлер келген.