7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
9°C

Кармалган кытайлык этникалык кыргыз болуп жарандык алган

478

Документтерди жасалмалоо менен “Этникалык кыргыз” катары Кыргызстандын жарандыгын алган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайдын жараны документтерди жасалмалоо менен Кыргызстандын жарандыгын алган. 1967-жылы туулган Я.Чж. мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнү уюштургандыгы үчүн издөөгө алынган.

Текшерүү учурунда, аталган жаран Кыргызстанда жүргөн кезинде документтерди жасалмалоо жолу менен өткөн жылы “Этникалык кыргыз” катары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал Кытайда берилген өздүгүн тактоочу документке атайын жалган маалыматты киргизген. Жарандыкты алгандан кийин өзү жөнүндө толук маалыматты өзгөрткөн. Шектүүнүн мурдагы аты-жөнү М.Чж. болгон.

11-март күнү Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү Кыргызстандын аймагынан кетүүгө аракет кылып жатканда “Ак-Жол” өткөрүү пунктунан кармалган.

«Кармалган жарандын жашаган жери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, шектүүгө тиешелүү ар кандай документтер табылды. 13-мартта кармалган жаранга карата Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Учурда аны жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

479