7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Касап» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

879

«Касап» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрь күнү Ош облусунун 1996-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, анда Ош шаарынын Ленин көчөсүндө орун алган «Лофт» кафесинде отурган жеринен ага бейтааныш жаран эч себепсиз бычак такап, аны уруп кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, “Касап” деген каймана ат менен таанылган Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1995-жылы туулган Т.Б. экендиги такталган.

Шектүү тергөөдөн изин жашырып, белгисиз жакта жашырынып жүргөндө, түнкү эс алуу клубдарынын биринде эс алып жаткан жеринен кармалган.

Ага кароо жүргүзгөн учурда жанынан бычак жана жасалма 100$ доллары алынган.

Шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

880