7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касмамбетов: Былтыркы курултайда көтөрүлгөн маселелердин 70 пайызы чечилди

385

Былтыркы курултайда көтөрүлгөн маселелердин 70 пайызы чечилди. Бул тууралуу курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекет катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын айтымында, I курултайда көбүнчө мектеп, бала бакча, ооруканалар сыяктуу ички социалдык маселелер көтөрүлгөн. Ал эми II курултайда чарбалык маселелер, чакан ГЭСтерди куруу, жолдорду салуу жана суу маселеси өтө курч болгон.

«II курултайда делегаттар тарабынан орчундуу көйгөйлөр көтөрүлүп, 3160 сунуш келип түшкөн. Аталган сунуштар боюнча курултайдын катчылыгы, президенттин администрациясы биргеликте бир жыл бою иш алып барды. Жыйынтыгында сунуштардын 70 пайызы аткарылып, калгандары каралууда», — деп белгиледи Касмамбетов.

Ал ошондой эле III Элдик курултайда стратегиялык маселелерге басым жасаларын айтты.

«Быйылкы курултайдын өзгөчөлүгү I жана II курултайга салыштырмалуу агартуу тармагынан 169, андан кийинки орунда курулуш тармагынан көп өкүлдөр келишти. Эгерде делегаттар массалык маалымат каражаттарына же министрликтерге же түз эле президентке кайрылса да, ар бири курултайдын катчылыгына катоого алынуу менен сөзсүз түрдө эске алынып, кийинки жылга аткарылууга милдеттүү түрдө жиберилет», — деди ал.

386