7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касым-Жомарт Токаев бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди сыйлады

295

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин «Достык» ордени менен сыйлады.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы «Достык» ордени менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев сыйланды.

II даражадагы «Достык» ордени менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков, Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, Коомдук ишмер Аскар Салымбеков сыйланды.

Казакстандын президенти бул жөн гана салтанат эмес, Казакстандын боордош Кыргызстан элине болгон ыраазычылыгынын жана терең урматтоосунун белгиси экенин өзгөчө белгиледи.

«Бүгүнкү окуя казак-кыргыз мамилелеринин тарыхында элдерибиздин түбөлүк боордоштугунун жана коңшулаштыгынын символу катары алтын тамгалар менен жазылып калат деген ишеничтемин. Сиздер өз Мекениңиздердин ырааттуу өнүгүүсүнө гана эмес, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого да олуттуу салым кошо бересиздер деп ынанып турам», — деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

296