Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий сапар менен келген Черногориянын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Адылбек Касымалиев Черногориянын Кыргызстандагы Ардактуу консулдугунун ачылышы жана Ардактуу консулдун ишмердүүлүгү эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө, достук байланыштардын чыңдалышына жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңейишине олуттуу түрткү берерине ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Эрвин Ибрагимович меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Черногориянын эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүгө даяр экенин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-черногориялык мамилелерди соода-экономикалык, туристтик, айыл чарба жана энергетика тармактарында өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Черногориянын расмий делегациясын Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун колдоосу астында 2027-жылы өтө турган Экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга, ошондой эле Черногориянын спортчуларын алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында катышууга чакырды.



