«Хонда Фит» унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жаткан эки окуучу кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя ГЭС-2 аймагындагы №1 мектептин жанында болгон. Катуу ылдамдыкта келе жаткан айдоочу эки окуучу кызды сүзүп кеткен. Андан кийин айдоочу мамыны барып сүзгөн. Кыздардын абалы азырынча белгисиз. Аларды тез жардам кызматы алып кеткен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу мас абалында болгон.