7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самара Каримованын атасы Эрмек Каримов 75 жашында көз жумду

2206

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын атасы Эрмек Каримов 75 жашында көз жумду. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Эрмек Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Лейлек районунун Айкөл айылында саат 16:00дө болот.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

«Оо арман дүнүйө, жан дүйнөм аңтарылып, бут алдымдан булут көчүп турат. Ар бир кадамыма алакан жайып ак батасын берген, өзөгүмө өмүр, өзүмө жашоо берген, ар бир ийгилигиме чын дилден кубанган, акылга дыйкан даанышманымдан, атакемден, устатымдан асылымдан айрылдым. Аска зоом кулады, таянар тоом кулады. Кудайдын улуу күнүндө, ыйык жумада атакемден айрылдык. Кыргыз музыкасына салым кошкон, боюна музыка жыйнаган, көкүрөгүнө өнөр атакем Эрмек Каримов 75жаш курагында , бизди таштап чын дүйнөгө көчтү, ажал алдында алсыз экениме дүйнөм өрттөнүп, макул боло албай турам бирок кантем, жазмышка баш ийбеске чарам барбы. Колубуздан келишинче аракет кылдык, ден-соолугуна кам көрүп, ар күнү жараткандан атама күч кубат, ден- соолук тиледим эле. Атамдын ден-соолугуна кам көрүп операцияларды кылган Мамбет Мамакеев атабызга, Миталип Мамытов атабызга Сабырбек Жумабеков агабызга , жана баардык дарыгерлерге , ооруканада эмгектенген жалпы өмүр сакчыларына башымды ийип таазим этем. Жалпы аракет кылдык бирок жараткандын амирине каршы тура албайт экенбиз, өлүмгө өкүм жүргүзө албайт экенбиз. Баарыңыздарга терең таазим кылам, атамдын өмүрүнө өмүр кошууга аракет кылып кам көргөн ар бириңиздерге рахмат. Канчалык аракет кылсак да эркибизге койбой ажал атамды колубуздан сууруп кетти. Асылым атам, карааңындан кагылам атам…
Сиз ар дайым биздин жүрөгүбүздө жашайсыз. Менин ар бир аракетим сиздин мага кылган эмгегиңизге арналат. Сиздей камкор атанын кызы болгонум үчүн тагдырга миң мертебе ыраазымын. Биз сизге ыраазыбыз атаке. Көп жыл төшөктө жаттыңыз, алтыным энеме да чоң таазим», — деп жазылат анда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2207