7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катуу ысыктан улам Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорд койду

178

Кыргызстанда абанын кескин ысышына байланыштуу электр энергиясын суткалык керектөө тарыхый эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июлда өлкөдө суткалык электр энергиясын керектөө 50 миллион 122 миң кВт/саатты түзүп, тарыхый эң жогорку көрсөткүч катталды.

Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 7 миллион 608 миң кВт/саатка же 18 пайызга көп. Адистер мындай өсүштү абанын кескин ысып, кондиционерлердин массалык түрдө колдонулушу менен түшүндүрүшүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, ашыкча жүктөмдөн улам энергетикалык жабдуулар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Абанын температурасы +45°С жеткенде электр кабелдеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөндөп, айрым тилкелерде чыңалуу күчөгөн.

Ушундан улам Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр кубатын убактылуу жөнгө салуу чаралары киргизилүүдө. Электр энергиясы эки сааттан ашык убакытка өчүрүлбөй турганы белгиленип, жарандар электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырылды.

179