7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстан 40 миллион долларга «Спутник V» вакцинасын сатып алат

275

Казакстан Орусиянын өндүрүшүндөгү «Спутник V» вакцинасын сатып алуу үчүн 16,8 миллиард теңге (40 миллион долларга жакын) каражат жумшайт. Ал эми калкты эмдөө 1-февралдан башталат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Шоранов билдирди.


Анын айтымында, вакцинанын бир бөлүгү Орусиянын өзүнөн, калганы «Спутник Vны» сыноо иретинде өндүрө баштаган «Караганды фармацевтикалык комплекси» компаниясынан алынат.


«Жалпысынан бюджетте 10 миллион кишини вакцина менен камсыз кылуу үчүн 50 миллиард теңгеге жакын каражат каралган. Алардын эки миллион дозасы Орусиянын өндүрүшүндөгү вакцина болот. Анын ар бирин 20-26 доллардан алсак, жалпы баасы 16-17 миллиард теңгени түзөт. Акыркы баасы келишим түзүлгөндө белгилүү болот», — деди Шоранов.


«Биринчи кезекте инфекциялык оорукана, тез жардам, реанимация бөлүмү, ооруканалардын кабыл алуу бөлүмүндө иштеген кызматкерлер, санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлер эмделет. Бул болжол менен 100 миң киши. Эмдөө 2021-жылы 1-февралда башталат», — деген Цой.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

276